24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асель Оторбаева УКМКга күбө катары суракка чакыртылды. Маалыматты Оторбаева өзү ырастап, тергөөчү себебин түшүндүрбөгөнүн айтты.
Сурак 3-февралдан бүгүн, 6-февралда саат 17:00гө жылдырылган.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков 2019-жылы тарткан видеосу боюнча түшүндүрмө берүү үчүн суракка чакыртылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан Исаков күбө катары сурак бергенин билдиришкен.