Журналист Марат Тагаев жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалды. Маалыматты “Кабар” агенттигине министрликтен тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрдин жаңы дайындалган орун басарларын эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.