Нурлан Мотуев 23 жаштагы келинди зордуктаган деп шектелүүдө

198

Нурлан Мотуев 23 жаштагы келинди зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришкенин Kaktus.media сайты жазды.

Алардын айтымында, 3-февралда ички иштер органдарына 23 жаштагы келин кайрылган. Ал эки баланын энеси, ажырашкан. Келин социалдык тармак ​​аркылуу таанышкан Нурлан Мотуевге чара көрүүнү суранган.

Арыз ээсинин айтымында, алты ай мурда аны Мотуев батирине чакырып, үйлөнөм деп убада берип, зордуктап койгон.

Бул факты каттоого алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь