Сирияда куткаруучулар Алеппонун түндүк-батышында болгон жер титирөөдөн кийин урандылардын астынан жаңы төрөлгөн ымыркайды алып чыгышты.
El Balad гезитинин маалыматына караганда, Жендерес айылында жер титирөөдөн улам урап түшкөн имараттын урандыларынын астында калган аял көз жарган. Бирок наристенин апасы каза болгон. Ымыркай ооруканага жеткирилип, аман калган. Социалдык тармактарда пайда болгон видеодон куткаруучулар урандылардын астынан жаңы төрөлгөн баланы кантип алып чыкканын көрүүгө болот.