Түркияда эс алууда жүргөн Абдисамат Чотбаев жана Гүлмира Айсаркунова аттуу кыргыз жарандары зилзаладан жабыр тарткан түрк калкына гум жардам көрсөтүштү.
Башында магнитудасы 7,4 деп бааланган, андан кийин Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул көрсөткүчтү тактап, күчү 7,7 балл болгонун кабарлашты.
Кийинчерээк Түркияда күчү дагы бир 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган. Ал эми бүгүн таңда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.
Буга байланыштуу өлкөдө 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды