Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Кыргызстандан барган куткаруучулар Кахраманмараш шаарына бөлүндү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, куткаруучулар Түркиянын “AFAD” башкармалыгынын базасынан тиешелүү тапшырмаларды алышты.
Белгилей кетсек, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү үчүн Түркияга кетишкен. Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, дарыгерлер, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.