Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында Марлен Маматалиев үйлөрдүн сапатын текшерүүнү буга чейин түзүлгөн депутаттык комиссияга берүү тууралуу демилге көтөрдү.
“Бүгүнкү күндө Түркиядан үйрөнүп келген каркас ыкмасы менен Түштүк магистралда кичи райондорду куруп келе жатабыз. Мен бир ирээт архитектурадан “технологиясы барбы” деп сурасам “арматураларды эле көбөйтүк койдук” дешкен эле. Ошол арматуралар көбөйгөнүн ким текшерди, долбоорун ким бекитип берди, туура болдубу же жокпу? Биз мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу атайын депутаттык комиссия түзгөнбүз. Алар үйлөр мыйзамдуу, мыйзамсыз курулганын эле караган. Ошол комиссия жаңы курулган үйлөрдүн сейсмологиялык жактан сапатын дагы карап берсин “,-деди депутат.
Белгилей кетсек, Бишкектеги башаламан курулуштар жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн былтыр апрелде 11 депутаттан турган комиссия түзүлгөн.