Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн набыт болгондордун саны бүгүн, 8-февралга карата 7 миңден ашты.
Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, Түркияда каза болгондордун саны 5 миң 894 адамга жетти, дагы 34 миң 810 адам жаракат алды.
Түркиянын табигый кырсыктарды жоюу башкармалыгынын (AFAD) маалыматына караганда, жер титирөөдөн 5 миң 775 имарат кыйраган.
Акыркы маалыматтарга караганда, Сириянын Идлиб, Алеппо, Хама, Латакия жана Ракка провинцияларында 1600дөн ашуун адам каза болду.
Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24тө – 7,6 балл).
Жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.