Коомдук кеңешмени жоюу демилгеси атайы буйрутмабы? Эксперттер үн катты (Видео)

367

“Президент Садыр Жапаров келгенден баштап, 2 жылдан бери Кыргызстанда адамдык укуктар кандайдыр бир деңгээлде чөгүп бара жатат”. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай билдирди.

Ал коомдук кеңешмени жоюу демилгесине каршы. Саясат талдоочунун айтымында коомдук кеңешмени жоюу демилгеси бул жемкорлукка жол берүү жана сабатсыз бийликке турган саясатчылардын сабатсыз иштерин көзөмөлдөбөсүн деген нерсе.

“Президент Садыр Жапаров келгенден баштап, 2 жылдан бери Кыргызстанда жарандык мейкиндик, адамдык укуктар кандайдыр бир деңгээлде чөгүп, кыскарып бара жатат. Мисалы Конституциянын 37-беренелери боюнча ар бир жаран мамлекеттин ишине жана коомдук иштерине активдүү катышып, аралашыш керек. Жемкордукту, сабатсыз мамлекеттик ишмерлердин иштерин сындаганга укугу бар..

Мына ошондой укуктарды азыр алып салып жатат, Кыргызстанда биринчи жарандык мейкиндик дегенде бизде мамлекеттик эмес уюмдарга каршы мыйзамдар бар, дагы жазалоо дегендей мыйзамдар пайда болуп жатат. Экинчиден ММКга дагы бөгөт коюлган. Эки механизм бар, бул офицалдуу түрдө жарандар өнүгүү үчүн мамлекет менен чогуу иш алып барабыз деген. Ачык өкмөт деп коет, ошого биздин өкмөт кол койгон, бирок ошону токтотуп койду.

Мындан тышкары эки жылдын ичинде коомдук кеңештер боюнча мыйзам бар, ошол дагы эки жыл ичинде токтолуп калды. Эми коомдук кеңештерди жокко чыгарып жатат. Бул эмненин белгиси деп суроо узатсак, бул жемкорлукка жол берүү жана сабатсыз бийликте турган саясатчылардын сабатсыз иштерин көзөмөлдөбөсүн деген нерсе. Демек коомдук кеңешти жок кылса, алардын сабатсыз иштерин жашырып жапканга жол ачып берип жатат деген белги. Ошондуктан биз сактап калганга, президентке, өкмөт башчысына кайрылуу жасаш керекпиз. Конституцияда 66-берене боюнча президент адам укуктарынын кепилдигин берген. Бул жерде эми митингге чыгаргандан көрө, мамлекеттик органдар менен баарлашып бир кадамда иштеп кетсе эмнеси жаман.Коомдук кеңешме жок болсо таасири кандай болот? Ошол мамлекеттик органдардын астында кандайдыр бир кеңешип койсо жакшы, эми анын ордуна көчөгө митингге чыгышат. Ошол керекпи? Мен ойлойм президентке дагы, өкмөткө дагы бул кереги жок. Демек коомдук кеңешмени сактап калыш керек”, – деп билдирди саясат талдоочу Алмаз Тажыбай.

Ошондой эле, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров коомдук кеңешти жоюу демилгеси өлкөгө бир канча көйгөйлөрдү алып келет деп эсептейт.

Чоң эле бир нерселерди алып келчү көйгөйлөр болот. Коомдук кеңешменин жүктөлгөн максаттарынын бири бул деген бюджеттик каржы маселелерин көзөмөлгө алуу. Мындан тышкары мамлекеттин элдин жашоосун жакшыртуу боюнча чыгарган чечимдерин жакшыртуу боюнча жардам берүү, негизи эле элдин суроо-талаптарын мамлекеттик кызматка жеткирүү менен сапаттуу чечимдерди чыгарганга көмөк көрсөтүү.

Карап көрсөк, бир канча жылдан бери коомдук кеңеш бир канча министрликте ар кандай программалардын иштелип жатканын билишет жана ошолорду көзөмөлгө алып, кээ бир учурларда өзүлөрүнүн сунуштарын берип, эксперттик ойлорун айтып жүрүштү Айрым учурларда мамлекеттик кызматта иштегендер ошол сунуштар менен кабыл алып, жашоону жакшыртуу жагына көмөк сунуп калчубуз. Бүгүнкү учурда мамлекеттик кызматтарда коомдук кеңештер болбой калса ар кандай бюджеттик каражаттар, квоталар натыйжалуу колдондубу же натыйжасын королдубу, кандай чечимдер ишке ашып жатат жана экономиканы өнүктүргөнгө багыттар берилип, алар кандай жөнгө салынып жатат деген маселелерди коомдук кеңештей тыгыз көзөмөлгө ала албай калат. Бул дагы өзүнчө бир чоң көйгөйлөргө алып келет”, – дейт Төлөнбек Абдыров.

Малекеттик мекемелердин алдында түзүлгөн коомдук (байкоочу) кеңештердин мүчөлөрүнүн бири Нурбүбү Керимова эмне себептен коомдук кеңешмени жоюуп жатат деген суроого маморгандар так кесе жооп берсе дейт.

“Бюджетте акча жок биз жоюшубуз керек деди, “Биз силерден акча сураган жокпуз да, кайра силерге жардам берип атабыз” деп ошону сурайын десек мына бир дагы депутат келген жок, Акыйкатчы  институтунан бир дагы өкүл жок. Эмне себептен ушундай мыйзамды чыгарып жатасыңар деп суроону берейин десек эч ким жок. Менин оюмча бул маселе жогору жактан чечилип койгон. Коомдук кеңешти жоюш керек деген заказ берилген. Бул туура эмес нерсе”, – деди Нурбүбү Керимова.

Белгилей кетсек бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде коомдук кеңешмени жоюу тууралуу өкмөттүн демилгесин талкуулоо үчүн жыйын уюштурулду. Талкууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдар, коомдук кеңештердин мүчөлөрү, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер чакырылган. Бирок жыйынга мамлекеттик органдар тарабынан эч ким келген эмес.

Иш-чарадан алынган сүрөттөр:

Эскерте кетсек буга чейин Министрлер кабинети мамлекеттик органдардын жана министрликтердин ишин көзөмөлдөгөн коомдук кеңештерди жоюуну көздөп, бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.

Демилгечи орган коомдук кеңештерди жоюу максатын “алардын иши натыйжасыз” деген жүйө менен негиздейт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь