Окумуштуу Сулайман Кайыповдун 70 жылдыгына карата Кыргыз улуттук университетинде анын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган “Даанышман” аталышындагы эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция уюштурулду. Иш-чарага илимпоздор, студенттер катышты.
“Агайды Түркия, Кытай мындай окумуштуу бизде иштеши керек деп бизден талашат, жетимиштеги адамды жетелеп жүрүп күчүн ал дейт, кыргыз эли ушундай даанышман адамды жетелеп жүрүп күчүн алып коюшу керек”-деп баса белгиледи Кыяз Молдокасымов.