Балбак Түлөбаев: “Оштун губернатору атасынан калган орундай эч кимди тоготпой жатат” (Видео)

204

Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында депутаттар президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун ишин сынга алышты.

Тагыраагы, Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун кызматтан кетишин талап кылышты. Алардын бири депутат Балбак Түлөбаев. 

“Былтыр Өзгөн районунан бир кат түшкөн. Ал арызды мен бардык жерге жибергенде “соттун чечимин күтөлү” дешкен. Райондук да, облустук да соттун чечими чыкты. Аны аткарбай жатат. Оштун башчысы соттун чечимине баш ийеби же жокпу? Азыр дагы бир арыз түшүптүр, көмүр кени боюнча ызы-чуу. Мындай губернатордун кимге кереги бар? Күндө ызы-чуу, кичине реакция кылбайсыңарбы. Сөзсүз эле жарылыш керекпи? Бул кызмат ага атасынан калганбы? Буга бир чечим кабыл алыш керек да. Иштей албаса, ордун бошотуп башка жакка өтө бербейби. Урматтуу өкмөт, бул сиздердин бетиңерге түздөн-түз түкүрүк да”, – деди эл өкүлү Балбак Түлөбаев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь