15-март күнү, Бишкек шаарынын Аккула ат майданында «Нооруз-2023» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин үчүнчү күнү жыйынтыкталды.
Оюн талаасында жогорку, экини лига жана 40 жаштан өйдө курама командалары беттешти.
Үчүнчү күндүн жыйынтыгы:
“Кетмен-Төбө” жана “Ак-Кула” 5:0;
“Талас шаары” жана “Тянь-Шань” 6:0;
“Ак-Илбирс” жана “Сокулук” 4:2;
“Достук” жана “Мурас” 11:4 (жогорку лига);
“Сары-Өзөн ” жана “Ош”;1:10 (40 жаш);
“Талас” жана “Жети дубан” 3:2 (40 жаш).
Бүгүнкү оюндардын тизмеси:
10:00-10:55 “Жети-Аке” жана “Өзгөн”;
11:00-11:55 “Намыс” жана “Ачы”;
12:00-12:55 “Алтын Альянс” жана “Ак-Шумкар”;
13:30 “Сары-Өзөн” жана “Ош шаары” (40 жаш);
15:00 “Ийгилик” жана “Саякбай-Ата”;
16:00 “Бакай-Ата Дөөлөт” жана “Улар”.
Оюндар КТРК Спорт телеканалында түз эфирде көрсөтүлүүдө.



