Бишкекке дагы 1 000 автобус келет

243

Бишкекке 1 000 автобус келиши керек, мэрия келишимге кол койгон. Бул тууралуу борбор калаанын башчысы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Ким менен келишимге кол коюлганын мэр ачыктаган жок.

Мэрдин айтымында, 500 автобустун биринчи партиясы ушул жайда келиши керек.

“Дагы 360сы АӨБ, ЕРӨБ насыялары боюнча келет. Жалпысынан 800дөн ашык автобус болот”, – деди ал.

Абдыкадыров транспорт департаментине айдоочуларды ишке тартуу жана автобустар үчүн базаны даярдоо тапшырмасын бергенин белгиледи.

“Эски автобустар азыр чоң аймакты ээлейт. Биз аларды эсептен чыгарып, жаңы автобустардын келишине бардык шарттарды даярдашыбыз керек”, – деп сөзүн жыйынтыктады мэр.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь