Бишкекте “Жарнама жана PR” улуттук “Жоогазын” фестивалы өтүүдө (Сүрөт)

232

Бишкекте Жарнама жана PR тармагында окуп жаткан студенттерге арналган “Жоогазын” фестивалы өтүүдө.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган иш чарага, республикабыздын бардык булуң-бурчтарынан студенттер, магистранттар, жарнама жана PR тармагынын адистери, ошондой эле окутуучулар, заманбап коммуникация жана жарнамалык инструменттерге кызыккандар катышууда.

Бул иш-чаранын максаты жарнама жана PR чөйрөсүндө студенттер, окутуучулар жана практиктердин ортосундагы диалогду камсыз кылуу, ошондой эле заманбап коммуникация технологиялары тармагындагы тенденцияларды аныктоо болуп саналат.

Аталган фестивалга буга чейин өлкөбүздөгү университеттер гана катышып келсе, быйыл Казакстан жана Россиядан да студенттер онлайн катышууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь