Ири акчаны чыгарып кеткени үчүн “КыргызНефтегаздын” мурдагы жетекчилиги кармалды (Сүрөт)

154

Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн “КыргызНефтегаз” ААКтын мурдагы жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, “Кыргызнефтегаз” ААКтын мурдагы жетекчилигине карата тергөө амалдары жүрүп жатат. 2017-2020-жылдар аралыгында “Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын мурдагы төрагасы жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Ошол эле учурда, базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн. Ошондой эле, жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды. Аталган жаран 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, алар учурда камакка алынды. “КыргызНефтегаз” ишканасынын мурдагы жетекчилиги менен биргеликте бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды. Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана анын ордун толтуруу чаралары көрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь