Кемпир-Абад иши. Кармалган активисттер менен саясатчылардын жакындары кайрадан митингге чыгышты

246

Бишкекте массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалган активисттер менен саясатчылардын жакындары кайрадан митингге чыгышты.

Максим Горький атындагы сейил бакка эки жүзгө жакын адам чогулду. Митингчилер кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептешип, камактагыларды бошотууну талап кылышууда. 

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде: Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Ал эми, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. Башаламандыкка даярданган деген айып менен 27 адам камакка алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь