Нооруз майрамына карата Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөөлөр кирет

244

Нооруз майрамына карата Бишкектин борбордук көчөлөрүндө транспорт каттамдары үчүн чектөөлөр кирет. Милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынан билидиришти.

17-марттан 22-мартка чейин:

Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин жабылат.
Милициянын кайгуул кызматы өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууларын чакырат жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь