Депутаттар жана аппарат кызматкерлери ишембиликке чыкты

300

Бүгүн, 18-мартта Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары жана аппараттын кызматкерлери ишембиликке чыкты.

Ишембиликтин катышуучулары борбор калаабыздагы сейил бакты иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен дарактардын көчөттөрүн тигишти.

Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеӊештин Төрагасы Нурланбек Шакиев экология маселеси борбор калаада курч экенин белгилеп, шаардын тазалыгына ар бир жаран кам көрүшү керектигин кошумчалады.

“Бабаларыбыз жаратылыш менен эриш-аркак жашап, жер-сууга, тоо-ташка, жан-жаныбарларга жана өсүмдүктөргө урмат менен мамиле кылган. “Бир тал кессең – он тал эк” деп, эч убакта табиятка кыянаттык кылган эмес. Андыктан, бабалардын жолун улап, жаратылышты көздүн карегиндей сактоо баарыбыздын милдетибиз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле кыргызстандыктарды уюштурулган ишембиликтерге жигердүү катышууга чакырган Төрага: “Жазда ар бирибиз көчөт тигип, талыкпай эмгек кылалы. Анткени, “Жаздын бир күнү – жылга тете” – дегендей, үзүрүн сөзсүз көрөбүз. Айрыкча, бүгүн тигилип жаткан көчөттөр, кийин түптүү бак-дарактарга айланып, алар келечек муундарга калтырган баалуу мурасыбыз болот”, – деп кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь