Депутат Эрулан Кокулов түнкү клубта баш кийимин чечкиси келбей, милиция чакырды

325

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов “Промзона” түнкү клубунун кире беришинде баш кийимин жана күрмөсүн чечкиси келбей, милиция чакырган. Ал муну администрация тарабынан конституциялык укугун бузуу катары баалаган. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиргенин Kaktus.media жазды.

Кокулов аталган жайдын администрациянын сырт кийимин чечүү өтүнүчү анын укугун бузгандык деп түшүндүрүп, милицияга кайрылганын тастыктады.

Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму татыктуубу деген суроого Кокулов депутат катары эмес, жаран катары милицияга кайрылганын айтты.

Ал эми администрация өз кезегинде бул клубдун эрежесин бузуу деп түшүндүргөн.

Эске салсак, жакында эле депутат Эрулан Көкүлов менен “Кадастрдагы” “ВИП-Секьюрити” детективдик жана күзөт агенттигинин кызматкери Дубанбек Сүйүналиевдин ортосунда чыр чыккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь