Кеминде жергиликтүү тургунду айылдашы өз үйүндө мууздады

418

Кемин районунда жергиликтүү тургун айылдашын мууздады. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.

17-мартта саат 8:55те милицияга Кызыл-Октябрь айылынын жашоочусу өз үйүндө каза болгону тууралуу маалымдалган. Маркум — 1954-жылы туулган И.С. зомбулук менен өлтүрүлгөнү, сол кулагынын асты бир нерсе менен сайылганы жана кесилгени аныкталган.

Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1989-жылы туулган С.Т. кармалды. Ал — маркумдун айылдашы.

Алдын ала маалымат боюнча, маркум менен шектүү спирт ичимдигин ичип жатып урушуп кетишкен. Шектүү Кемин РИИБдин абагына киргизилди. Тиешелүү экспертиза дайындалды. Тергөө уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь