Ташиев: Курманкул Зулушевдин кайниси кармалды, бул трагедия же тирешүү эмес

449

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар делинип кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин ырастады. Айтымында, башкы прокурор экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок.

“Акыркы күндөрү социалдык мессенджерлерде “Башкы прокуратура менен УКМК тирешип жатат” деген пикирлер айтылууда. Ошого бир аз түшүндүрмө бере кетейин. Башкы прокурор экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик, тирешүү жок. Биз мыйзам чегинде өзүбүздүн ишибизди аткарып жатабыз”, – дейт Ташиев.

Ал эми “Бажыдагы коррупциялык схема боюнча кармалгандардын арасында Курманкул Зулушевдин кайниси бар экени чындык” дейт.

БУЛАК:kaktus.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь