2023-ЖЫЛДЫН ОРОЗО КАЛЕНДАРЫ

4 537

Алдын ала маалыматтар боюнча, быйыл Орозо айы 23-мартта башталат. “Элдик Медиа” маалымат агенттиги орозонун башталышынын дин кызматкерлери белгилеген күнүнөн бир күн эрте же кеч болушу мүмкүндүгүн эске алуу менен мусулмандар үчүн орозо календарын даярдады.

ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:

“Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тьала, Аллаху акбар”.
Кыргызча мааниси: “Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым, Аллоху акбар”.

ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ:
“Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва аьла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту”. Кыргызча мааниси: “Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир”.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь