Бишкекте руханият багытында баарлашуу өттү

170

Бүгүн 23-мартта, Бишкекте учур талабы жана идеология, тарых, демократия, дин, маданият, руханият багытында баарлашуу өттү. Ага ар тармактын өкүлдөрү келип, өз пикирин билдиришти.

Уюштуруучу Роза Нурматованын айтымында иш-чаранын негизги максаты ааламдашуу доорунда улуттук – каада салт менен үрп – адаттыбызды сактап калуу.

Акыркы учурда коом арасында көзгө көп нерселер урунуп жатты, биздин улуттук каада-салт, үрп-адатыбыз унутулуп бара жаткандай туюлду. Маданият тарабынан алып карасак Кытай ар кандай уруш-талаш, канды көрсөткөн ар кандай берүүлөргө тыюу салды, анткени жаңы өрчүп келе жаткан жаш балдарга башкача таасир этет. Бул жерде ааламдашуу доорунда биз сакталып кала алабызбы деген суроо жаралат.

Бир туруп арабча динге берилип кетебиз, динге берилген жакшы бирок аша чаап кетүүдөбүз дамбал, узун көйнөк кийген эркектер – кыргыздын жигиттери андай кийинген эмес да. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген жок болуп бара жаткандай, ошол ойду ортого салып канткенде чет жакта мен кыргызмын деп сыймыктануу менен өзүбүздү алып жүрө алабыз.

Мисалы кошуна Казакстанда эле жыныстыгын өзгөртсө болот деген мыйзамдар бар. Табият үчүн, биздин менталитет үчүн бул жат көрүнүш да… Улуу муундун адамдары билет, бизде дагы ал нерселер бар, бар болчу, бирок ачыкка чыккан эмес. Өлкөдө бул нерсе башка өлкөлөргө салыштырмалуу ачыкка көп чыга элек. Бирок эртең, бүрсүгүнү коом арасында жайылып ачыкка чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ааламдашуу доорунда жашап жаткандан кийин, маданият мейкиндигинде, агартуу билим – берүү тармагында бардык жактан бир мейкиндикте болсок дейбиз. Улуттун уңгусун сактап калып, кийинки келечекке өткөрүп берүү биздин милдет”, -дейт Нурматова.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь