Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын самолёт каттай баштайт

202

Быйыл Россиядан Ысык-Көлгө авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул туурасында Россиянын Туроператорлор ассоциациясы билдирди.

Бул жылкы сезондо россиялык авиакомпаниялардын учагы мурдагыдай июнда эмес, апрелдин аягынан тарта каттай баштайт.

“Урал аба жолдору” компаниясынын самолету 27-апрелден баштап күн сайын “Тамчы” аэропортуна конуп турат. Ал эми “Аэрофлотттун” каттамдары 2-майда ачылып, жумасына төрт ирет аткарылат (мурда эки каттам болчу).

“Өткөн жылы Ысык-Көлгө болгон түз аба каттамдарга суроо-талап жогору болгон, быйыл да түз учуп барып-келүүнү каалаган туристтер азыртадан эле чыгууда. Майда Ысык-Көлгө жарнамалык тур пландалган, ал бат эле толуп калганына карап, бул жылы да суроо-талап көп болот деген тыянак чыгарып жатабыз”, — деп айткан туроператорлордун бири.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь