Бүгүн, 24-мартта март окуясына туура 18 жылдын жүзү болду. Ал эми бул күн, Кыргызстандын саясий тарыхында «Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен тарыхта калды. Бирок ошону менен катар албетте, март ыңкылабы өз максатына жеттиби? Нааразы болгон элдин максаты жана үмүтү акталдыбы? деген дагы суроолор туулбай койбойт. Дал ушул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге узатып көрдүк. Эл өкүлүнүн айтымында, элдин катуу контролунун негизинде бара-бара жетекчилер оңолуп келе жатат. Андыктан депутат бул да болсо, биздин демократиялык жетишкендиктерибиздин бири деп эсептей турганын айтты.
“Биздин мамлекетибиз үчүн 24-март, 7-апрель, Октябрь окуясы баары биригип келип, негизи эле 30 жылдык тарыхыбызда мамлекетибизге ким башкаруучу болуп келбесин, олуттуу чоң -чоң жетишпегендиктерге жетишпегенден болуп келе жатпайбы? Бүгүн эле бары болуп кетти дегенден алысмын, албетте мурдагы караганда калктын аң-сезими өзгөрүп, элдин контролунун негизинде бара -бара жетекчилер оңолуп келе жатат. Бара-бара жетекчилер үй-бүлөлүк башкаруу болбойт экенин, коомчулук катуу көзмөлгө алат экенин билип жана жоопкерчиликти сезе баштады. Бул да болсо биздин демократиялык жетишкендиктерибиздин бири деп эсептесем болот. Албетте, Сингапурга же башка мамлекеттерге окшоп байып кеткен жокпуз, бирок терең ишенем жана ниет кылам, келечекте биз дагы өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулганга. Өнүккөнгө дагы бизде бардык ыктымалдар бар, бардык жолдору бар”, -дейт Маматалиев.
Белгилей кетсек, 2005-жылы 24-мартта ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясатка нааразы болгон миңдеген адам митингге чыгып, бийликти кулатышкан. Кыргызстандын саясий тарыхында бул күн “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен тарыхта калган.