Санариптик технологияларды өнүктүрүү жана бул тармактын адистерин массалык түрдө чыгаруу Кыргызстанга өлкөнүн ИДПсына жылына $400 млн чейин тартууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиялык санариптик бизнес форумунда билдирди.
Министр аймактардын шаарларында IT адистерин даярдоочу борборлорду ачуу керектигин, алар жылына 2 миңден ашык адамды окутуп чыгышы керектигин айтты.
«Кыргызстандын океанга чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, бирок санариптик технологиялар бизге жаңы жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бала бакчадан баштап бул жаатта билим алууга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Мектептерде моделдөө жана программалоо боюнча сабактар өтүшү керек», — деди чиновник.