Жансыз денеси сандыктан табылган келин. Кылмышка шектүү болгон күйөөсүнө өкүм чыкты

573

Кара-Суу райондук сотунун чечими менен жарандык никеде жашап жүргөн келиндин өлүмүнө шектүү күйөөсү 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу  Ош облустук сотунан тастыкташты.

2022-жылдын 14-декабрь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 49 жаштагы Өзгөн районунун тургуну адам өлтүрүү фактысына шектелип, Өзгөн районунун аймагында кармалган.

Алдын ала териштирүү учурунда төмөндөгү жагдайлар белгилүү болгон:

1-декабрь күнү милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун тургунунун жансыз денеси өзү жашап жаткан үйүнөн табылгандыгы тууралуу айтылган. Аталган факты Кара-Суу РИИБге катталган. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы келиндин жансыз денеси жаткан үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктан табылган.

Маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Алдын ала маалымат боюнча кармалган жаран мурда Казакстанда соттолгон, маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашашкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь