Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 18 жаштагы кыз өз атасы жыныстык катнашка мажбурлап, зордуктап жүргөнү боюнча милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, кыз мектепте окуп жүргөн мезгилинде атасы тарабынан зордуктоого кабылганы айтылууда. Атасы окуяны кимдир-бирөөгө айтса, апасын соо койбой турганын айтып, коркутуп келген. Жаш кыз апасына болгон окуяны айтып, милицияга арыз жазган.
Алар айылдагы үлгүлүү үй-бүлө экени маалым болду. Кыздын атасы тарабынан зордукталышы боюнча 2 түрдүү божомол айтылып жатат.
Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Сузак РИИБге район тургуну — 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын болжол менен сентябрь аянын аягында үйүндө атасы — 1980-жылы туулган Н.К. зордуктап койгондугун билдирген.
«Бул факты Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну — 1980-жылы туулган Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», – деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.