Индиянын борбору Делиде бокс боюнча кыз-келиндер арасындагы дүйнөлүк чемпионат аяктады. Бул мелдеште финалга жолдомо алып, бирок мелдештен четтетилген алжирлик мушкер дүйнөнүн көңүлүн бурганын чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.
66 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыккан алжирдик Иман Хелиф уюштуруучулар тарабынан турнирден четтетилди. Буга 23 жаштагы мушкерде тестостерондун өтө көп болушу себеп болгон. Башкача айтканда, Имандын аял эмес, эркек болушуна өтө чоң ыктымалдык бар. Муну Орусия курама командасынын башкы машыктыруучусу Альберт Муталибов да тастыктаган.
“Биздин спортчубуз Азалия Аминова алжирдик мушкер менен жолукканда кыйынчылыкка кабылган. Азалия ага катуу нокдаун берген. Бирок анын физикалык күчү жана ылдамдыгы жогору болчу. Бул спортчунун эркек баланын белгилери көп болчу”, – деди Муталибов ТАСС агенттигине берген маегинде.
Ал эми Иман мындай чечимди четке кагып, уюштуруучулар анын жолун тосуп жатат деп эсептейт.
