Украина бийлиги президент Володимир Зеленський менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусун уюштурууну каалайт. Бул тууралуу Зеленський билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
“Биз аны бул жерден көргүбүз келет. Мен аны менен сүйлөшкүм келет. Мен Си Цзиньпин менен акыркы жолу Украинада согуш башталар алдында сүйлөшкөм. Бирок бир жылдан ашык убакыт бою биз байланышпай калдык”, – деген Зеленський.
Ал ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путиндин Беларуста тактикалык өзөктүк курал сактоочу жайды жайгаштыруу чечими тууралуу билдирүүсү Си Цзиньпиндин Москвага болгон иш сапарынын жыйынтыгы менен байланыштуу экенин айтты.