Түркияда оппозиция Эрдоганды президенттик шайлоодон алууну талап кылууда

173

Түркиядагы 3 оппозициячыл партия президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдогандын талапкерлигин алууну талап кылышты. Оппозициянын өкүлдөрү мындай талап менен Жогорку шайлоо комиссиясына кайрылышты.

«Хабертүрк» («Haberturk») телеканалы билдиргендей, жогоруда аталган 3 партия Эрдогандын башкы атандашы Кемал Кылычдароглун колдоп жатышат. Оппозиция учурда Эрдоган президенттик кызматты экинчи жолу ээлеп жатканын, Конституция боюнча ал үчүнчү ирет президенттик шайлоого бара албай турганын айтышууда.

Бирок учурдагы бийлик өкүлдөрү 2017-жылдагы конституциялык референдум боюнча Эрдогандын президенттик кызматтагы мөөнөтү жокко чыкканын белгилеп жатышат.

Түркияда президенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Шайлоодо Эрдоган менен 6 оппозициячыл партия сунуштаган Кемал Кылычдароглунун ортосунда катуу тиреш болору күтүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь