Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган эркектер дагы бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын 2 айында 14 эркекке коргоо ордери берилди.
«Биз аялдарды алсыз жан катары кабыл алып көнүпп калганбыз. Бирок, аялынан токмок жеген эркектер дагы бар», — дейт Ногойбаев.