Бишкекте акысыз ооз ачар уюштурулууда (Видео)

639
“Умма” журналынын “Рамазан чатыры” долбоорунун жетинчи күнү уланып, калкка акысыз сый тамак уюштурулду. Бул жолку “Рамазан чатырына” жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр коноктолду. Долбоорунун алкагында жардамга муктаж 200 адам күн сайын ифтарга чакырылып, ооз ачырылууда жана келген конокторго майрамдык маанай тартууланууда. Уюштуруучулардын айтымында бул саамалык, жалпы элдин колдоосу менен ишке ашып жатат. Жөнөкөй жарандардан тартып, белгилүүлөргө чейин долбоорду колдоп, колунан келген жардамын көрсөтүп келишет. Ифтардын жетинчи күнү өзүн атагысы келбеген инсандын эсебинен өткөрүлдү. Ошондой эле, бул долбоор Рамазан айынын аягына чейин уланат. Белгилей кетсек, иш-чара 2016-жылдан бери аталган журнал тарабынан уюштурулуп, быйыл сегизинчи ирет өткөрүлүүдө.  Кайрымдуулук долбоору буга чейин да Бишкекте беш ирет, Ошто  эки жолу өткөрүлүп, коом тарабынан абдан жылуу кабыл алынган. “Рамазан чатыры” эшигин ачкан күндөн тартып Рамазан айынын аягына чейин майрамдык ооз ачууга калктын аярлуу катмары: жалгыз бой энелер, жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, карылар үйүндөгү адамдардар, аз камсыз болгондор чакырылып, акысыз тамак берилет. Белгилей кетсек, “Умма” ислам журналы тарабынан демилгеленген бул кайрымдуулук долбоору буга чейин да Бишкекте беш ирет, Ошто  эки жолу өткөрүлүп, коом тарабынан абдан жылуу кабыл алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь