Бишкекте жүздү тааныган дагы 4 камера орнотулат

332

Бшкек шаарынын Биринчи май районунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Эркиндик бульварынын 4 кесилиши, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрү атайын жабдуулар менен жабдылды. Жакында жүздү тааныган дагы 4 камера орнотулат.

Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.

Мындан тышкары, соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагына жүзүн таануучу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камера орнотулат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь