Манхэттендеги чоң жюри АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты айыптоо үчүн добуш берди. Ал сотко келиши керек, анда ал бизнес алдамчылыкка байланыштуу 30дан ашык пунктка туш болот, деп жазат CNN.
Иш порноактриса Сторми Дэниэлске (чыныгы аты-жөнү Стефани Клиффорд) байланыштуу деп болжолдонууда. Аял 2006-жылы Трамп менен жакын мамиледе болгонун, кийинчерээк ал президенттик үчүн күрөшкөндө анын адвокаты Майкл Коэн бул маалыматты ачыкка чыгарбаганы үчүн ага 130 миң доллар төлөп бергенин айтат.
Трамп 4-апрелде сотко келет деп күтүлүүдө.
“Алар мага бул жалган, коррупциялык жана уяттуу айыпты мен америкалык элди жактаганым үчүн жасашты” деп жазган ал өзүнүн Truth Social баракчасына.
Трамп Нью-Йорктогу калыстар тобунун чечимин саясий куугунтук жана шайлоого кийлигишүү деп атады. Ал АКШнын тарыхында кылмыш жоопкерчилигине тартылган биринчи президент болду.