1-апрель – эл аралык күлкү күнү

313

1-апрель – Күлкү күнү. Бул күн маанилүү майрамдык даталардын катарына кирбейт, бирок бул күндү майрамдабаган эл жокко эсе. Анткени 1-апрелде көңүл ачуу, тамашалашуу жана бири-бирин алдоо салты көптөгөн өлкөлөрдө бар. Аны “акмактар күнү”, “акылсыздар күнү” деп да аташат.

Майрамдын так келип чыгышы боюнча түрдүү пикирлер бар. Версиялардын биринде бул майрамдын келип чыгышы Байыркы Римге барып такалат. Ал жерде февраль айынын ортосунда (апрелдин башында эмес) күлкү майрамы майрамдалган. Байыркы Римде Апулей алдамчылар күнүн күлкү кудайынын урматына уюштурулган деп эсептешкен.

Башкалар бул майрам байыркы Индияда пайда болгон деп ырасташат, анда 31-мартта тамашалар майрамдалган. Ошондой эле ирландиялыктар гана 1-апрелде Жаңы жылдын урматына тамашалашкан деген божомол бар. Исландиялык сагалар 1-апрелде алдоо салтын кудайлар Тиас кызы Скадеяны эскерүү үчүн киргизишкен деп айтышат.

Алгач Индия менен Байыркы Римде 1-апрель күн менен түн теңелген күн катары белгиленип келген деген версия да бар. Жаз жаңы жылына карата тамашалар жана күлкүлүү фокустар менен майрамдык салтанаттар уюштурулчу. Ошентип адамдар жаратылыштын жазгы жоруктарын тамашалар менен жайгарууга аракет кылышкан.

Дагы бир версия боюнча, күлкү майрамы 1582-жылы Рим Папасы Григорий XIII киргизген Григориан календарына өтүү менен байланыштуу. Орто кылымдарда жаңы жыл марттын аягында белгиленип келген – Жаңы жылдык жума 25-мартта башталып 1-апрелде аяктаган. XVI кылымдын ортосунда Король Карл IX Францияда Жаңы жылды 1-январга жылдырып, календарда реформа жүргүзгөн, бирок көпчүлүк 1-апрелди майрамдоону улантышкан. Ошол күнү бири-бирине белек тартуулаган адамдарды Апрелдин Акмактары деп аташкан. Мына бул тамашалардан 1-апрель күлкү күнү катары саналып калган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь