Италиянын түндүгүндөгү суу ташкынынан улам 8 киши каза болуп, миңдеген адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басыламалар жазууда.
«Жыйырма төрт калктуу конушту суу каптады, Эмилия-Романьядагы бардык дарыялар, тилекке каршы, жээктеринен ашып кетти», — деп айтылат маалыматта. Министр аймактагы 50 миң адам электр жарыгысыз калганын кошумчалады.