Интернетте окуучу тизелеп кечирим сурап жаткан видео тарады

884

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видеону бөлүшүп жатышат.

«Бойго жетип калган чоң класстын окуучу кызын мугалимдер карап туруп, окуучулардын көзүнчө чөгөлөтүп кечирим суратууга болобу? Бул эмне деген маңкуртчулук, биз кайсы кылымда жашап жатабыз? Бойго жеткен кыздын намысы эмне болду, эртең өзүнө-өзү кол салбайт деп ким кепилдик берет? Бул Жалал-Абад облусу Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров мектеби. Кыз курбу кызынын жакасына ручка менен чийип койгондугу үчүн кыздын энеси келип ушундай жазалоого ундөп, мугалимдер кызды ыйлатып, чөгөлөтүп кечирим суроого мажбур кылган. Бул окуя быйылкы жылдын февраль айында болгон” , – деп жазган видеону бөлүшкөн жаран.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь