Тергөө изоляторунда жаткан айыпталуучулар Шабдан Али, А.К. Айтбаев, М.М.Баязов, А.Н. Бузурманкулов, Атай Бешенбек уулу ачкачылык жарыялашты. Жазаларды аткаруу кызматынан алардын абалдары дурус экенин кабарлады.
Ачкачылык жарыялагандардын койгон негизги талаптары:
Атай Бейшенбек уулун айып изоляторунан чыгаруу;
Равшан Жээнбеков менен Илгиз Шаменовду мурда отурган абак бөлмөсүнө алып келүү.
“Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз-аздан тамак жеп башташты. Медицина кызмтакерлеринин тыкыр көзөмөлүндө каралууда.
Ошону менен катар айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү”, – дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, ЖАКтын администрациясынын 18-майдагы токтомуна ылайык, Атай Бейшенбек уулу 3 күнгө айып изоляторуна киргизилген. 21-майда Айып изоляторунан чыгарылган.