Биринчи май районунда жаңы милиция бөлүмү ачылды (Сүрөт)

256

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жаңы ачылган шаардык милиция бөлүмү жарандарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 24-майда Бишкек шаарында Биринчи май РИИБдин №8 шаардык милиция бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземине ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаардык кеңешинин этика жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Таалайбек Сурапбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Усубалиев, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жана Биринчи май РИИБдин №8 ШМБнын өздүк курамы катышышты.

Бишкек шаарынын ИИББнын 2021-2023 жылдарга өнүктүрүү программасын аткаруунун алкагында, ошондой эле Бишкек шаарынын ИИОнун кызматкерлеринин жумуш шарттарын жакшыртуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, жардам сурап кайрылган жарандарга шарт түзүү максатында жана шаардын аймагында калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын “Көлмө” конушунун Мыскал – Жаштык көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап жаңы 2 кабаттуу шаардык милиция бөлүмчөсү курулуп, анын айланасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Иш-чараны ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов куттуктоо сөзү менен ачты.

“Бүгүн, “Көлмө” жаңы конушунун жашоочуларына, ошондой эле Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына өзгөчө күн болуп турат. Биз турган ушул аймакта жергиликтүү жашоочулардын коопсуздугун күнү-түнү камсыздап, жардам сурап кайрылган жарандарды жеринде кабыл алып, иш-чараларды жүргүзүү үчүн бир катар көйгөйлөр орун алып келген. Себеби, аталган ишмердикти аткаруу үчүн милиция бөлүмү болгон эмес. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каржыланып, кыска мөөнөттүн ичинде заманбап талаптарга жооп берген, өзүңүздөр көрүп турган бөлүмдүн ачылышын жасап жатабыз. Жалпыга бирдей болгон тартипти сактап, ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу жумуштары – мына ушундай күжүрмөн шарттарды түзүү менен башталат. Тажрыйба көрсөтүп тургандай, эгерде өздүк курамга өз милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк жакшы болсо, анда бардык жашоочулардын коопсуздугу бекем сакталат”, – деди Адылбек Бийбосунов өз сөзүндө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь