Бишкекте Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, “102” кызматынан Тоголок Молдо көчөсүндө Чоң Чүй каналында болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
“Жерине 5 куткаруучу тартылып, эркек кишинин сөөгүн чыгарып, милицияга кызматкерлерине өткөрүп беришти”,- деп айтылат маалыматта.