Тоону көздөй бара жаткан бүтүрүүчүлөрдүн кортежи токтотулду (Видео)

657

Бишкекте тоону көздөй бара жаткан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кортежи токтотулуп, алты унаа айып короого киргизилди.

Милициянын маалыматы боюнча, шаардан тоону көздөй бара жаткан кортеж токтотулуп, айрым авто унааларды айдоочулук күбөлүгү жок балдар айдап алышканы белгилүү болгон. Мындан улам ал авто унаалар айып короосуна киргизилип, калган машиналар шаарга кайтарылды.

Буга чейин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекция ата-энелерден балдарга унаа бербөөнү эскерткен. Бүгүн шаардын четинде посттор пайда болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь