Жалал-Абадда милиция кызматкерлери үчүн терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча семинар-тренинг өтүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Өлкө аймагында өтүп жаткан “Экстремист” ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө 2023-жылдын 24-майынан 27-майына чейин Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери үчүн “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу темада семинар-тренинг өткөрүлүүдө. Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда өтөт.
Милиция кызматкерлери үчүн “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу темада туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду.
Аталган семинар-тренинг ИИМдин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев, ИИМдин Академиясынын улук окутуучусу милициянын улук лейтенанты Медер Карабаев тарабынан LEICA долбоорунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулуп, кызматкерлерге “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамалар жасалып, видеотасмалар көрсөтүлдү.