25-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

264

Бейшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көлдө +11…+16, ал эми Нарында +12…+17 градус болот.

Бул күнү Ошто түнкүсүн жамгыр жаап, Бишкекте күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +21…+23, Ошто +25…+27 градуска жетет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь