25-майга карата Жалал-Абадда миңге чукул милиция күчөтүлгөн тартипте ишке киришти (Сүрөт)

235

Жалал-Абадда акыркы коӊгуроо аземинде милиция коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бүтүрүүчүлөргө акыркы коңгуроо майрамын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта уюштурууга тыюу салынган. Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш койнунда уюштурууга, автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга тыюу болбойт. Кандайдыр бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

25-майга карата Жалал-Абад облусунун аймагында миңге чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат дейт мекемеден.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь