–Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги жазды.
Орунтаевди бүгүн, 26-майда эртең менен чакырышкан. 24-майда Бишкектин Жал кичи районунда «Батуми» кафеси бузулуп баштаган. Анын жүрүшүндө кафе ээлери менен Орунтаевдин ортосунда талаш-тартыш жаралган. Кечээ, 25-майда «Батуми» кафесине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барган.