Коомчулуктун ачуу сынынан кийин, Кадыр Кошалиев Курултайдын төрагасы ордун бошотуп бергенин өзүнүн Фейсбук баракчасына бөлүштү.
Бул тууралуу төмөндөгүдөй пикирин калтырган:
— Ардактуу мекендештер, кутмандуу курултайчылар! Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен Регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм.
Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели.. “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда…
Баарыныздарга бакубатчылык, ынтымак-биримдик каалайм, – деп билдирген.