Равшан Жээнбековдун жубайы кайсы иш менен кармалганы айтылды

244

Жактоочу Разак Ашимбаев саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы кайсы иш менен кармалганы боюнча маалымат берди.

«Бишкек шаарындагы эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатат. Өткөн жылы болгон окуяга катыштыгы бар деген негизде “коррупция” менен айып тагыптыр. Салкынай Алимбаева коюлган айыпка макул эмес»,-деди жактоочу.

Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

Атайы кызмат азырынча маалымат бере элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь