Садыр Жапаровдун катышуусу менен кезектеги “Мурас” футболдук турнири өтөт

326

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланган кезектеги “Мурас” футболдук турнири өтөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Оюндар ушул дем алышта, 27-28-май күндөрү өтөт.

Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгы менен тайпалар төмөнкүдөй аныкталган:

А тайпасы: “Президенттин командасы”, “Фемида”, “Ыйман”, “Алга”;

В тайпасы: “Спорттук федерациялар”, “Жогорку Кеңеш”, “Ден соолук”, “Аймактар”;

С тайпасы: “Коопсуздук”, “Бизнес”, “Спорт жылдыздары”, “Билим”;

D тайпасы: “Достук”, “Өнөр”, “Курултай”, “Журналисттер”.

Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром – балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт. Ал УТРКнын (А жана В тайпалары) жана ЭлТРдин (C жана D тайпалары) түз эфиринен көрсөтүлөт.

Турнир саат 10.00дө башталат, көрүүнү каалагандардын баарына эшик ачык.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь