Мюнхендик “Бавария” командасы Сантьяго Бернабеу стадионунда “Реал Мадридди” 2:1 эсебинде утуп, бул кош беттешүүдө маанилүү артыкчылыкка ээ болду. Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооп оюну 14-апрель шаршемби күнү саат 21:00дө Альянц Аренада өтөт. Бул беттешүүдө жарым финалда ПСЖ же Ливерпуль менен ким кездешери аныкталат.
